Видео – Эдил Байсалов: “Атамбаев коррупциядан, узурпациядан жана башка кылмыштардан уурдап топтогон байлыктарын адалдаштыра албай элди, генпрокурорду алдаганы үчүн жоопко тартылсын!”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 18-октябрдын кечинде жарыяланган  бийликтин Икрамжан Илмияновду камоого алуу чечими президент Жээнбековдун саясаты – досу болобу, тууганы болобу, таанышы болобу, курдашы болобу кандайдыр бир күнөлүү болсо, кылмышы бар болсо ага чара көрүлөт деген өзүнүн убадасын дагы бир жолу аткарганын эске алып, мен былтыр, 2017-жылы апрелде  КР Башкы прокуратурасына жазган арыз катымды издетип баштадым. Анткени эсиңиздерде болсо былтыр, 5-апрель күнү президент Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны чакырып, ага баланча бир документтерди тапшырып “мына, мен долларовый мультимиллионермин, мен башынан эле миллионермин, мына, ага далил” деп “Баланча аттуу Түркиянын ишканасында мага тийиштүү үлүшүмдү 2003-жылы январда сатып, ошондон 45 млрд түрк лирасын же болбосо 35 млн АКШ долларын пайда тапкам” деп айтып, анан “Мына ушуну текшер, ушул менин долларовый мультимиллионер экенимдин далили!” деп айткан. Мен Алмаз Атамбаевди жакшы билем. Атамбаев бай киши болгону менен анын байлыгы ошол “Кыргызавтомаш” заводун өзүнө менчиктештирип алуу менен  анан бара-бара ошол заводду цех-цех кылып майдалап бөлүп сатып, ошону менен акыркы 20 жылдан бери, президент болгуча жашап келе жатат.
Мен өзүм Түркияда окуп келгем, ошондуктан Атамбаев айткан 45 млрд түрк лирасын тез эле 2003-жылдын январь айынын курсу менен текшере койсом ал Атамбаев айткандай 35 млн эмес, 27 миң эле доллар экенин далилдеп, калпын чыгарып берсем, булар мага каяша айтып, “жоок, сен билбейсиң, бул 35 миллион доллар болот” деп”ошол кездеги президент Атамбаевдин пресс-катчысы Алмаз Усенов айтып чыккан. Ошентип алар бир калпын жабабыз деп жатып, экинчи бир 100 эсе көп  калпты айтышып, Түркиянын “Электромед” деген Атамбаевдин досу, дегеле баардык кыргыздын досу  Ахмед Каяга тиешелүү ишканасынынын 90%ын 2003-жылы Атамбаев Ахмед Каяга 35 млн долларга саткан деп чыгышты.  Эгер чын эле ошондой болсо анда эмне үчүн мурун айткан эмес? Эмне үчүн өкмөттө иштеп жүргөндө айтпады? Андан бери эки жолу президенттик шайлоого катышты, ошондо бир кездеги “Вольво” машинасына чейин эстеп, айтып, килейген дүйнөлүк марка болгон Түркиялык “Электромед” ишканасында 90% үлүшү бар экенин айткан жок? Бул албетте калп! Ошондуктан мен былтыр апрель айында Түркияга барып, бүт документтерин таап, топтоп алып келип, маалымат жыйын өткөрүп, элге айткам: “Бул киши президент болуп алып, кыргыз элинен акча уурдап, байлык топтоп, эми ошону адалдаштыра албай жатат. Баардыгыбыз билебиз, Атамбаев Путиндин жанына туруп алып “мен долларовый мультимиллионермин!” деп айтты, Индияга барып айтты “мен долларовый мультимиллионермин!” деп, тияка барып айтты, биякка барып айтты, бизге бир канча жолу айтты. Акыркы эки-үч жылдан бери ушуну эле сүйлөп-айтып калган. Анткени ошол уурдаган акчаларын адалдаштыра албай эле кыйналып жаткан. Акырында өзү генпрокурор Жолдубаеваны чакырып, тапшырма берип жатат.
Мен Атамбаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгогула деп жаткан жерим жок. Ал өзү Жолдубаевга берген документтерди текшерип, анан менин документтеримди текшерип, кимибиздики калп, кимибиздики чын экенин далилдеп бери шсин. Ал болгону арам акчаларын адалдаштыруу аракетин көрүп жатат. Бийликте турганда элди алдап коррупция, узурпация жана башка бир топ кылмыштардан топтогон байлыгын адалдаштыруу үчүн гана Генпрокуратурага жанагы калп документтерди берип, дагы бир кылмыш жасап жатат. Бул кылмыш үчүн да кылмыш-жаза кодексинде атайын беренелер бар. Менин былтыркы арызыма ошол кездеги генпрокурор Индира Жолдубаева жооп берген жок. Ошондуктан азыр эми жаңы генпрокурорго дагы бир жолу кайрылам: Атамбаев былтыр апрелде генпрокуратурага өзү кайрылган, эми ошону текшерип, Атамбаев эмне үчүн ошентип элди алдаганга барды?  35 млн доллар менен 27 миң доллардын айрымасы бар да! Бул так ошол бизди алдаш үчүн, Баш прокурорду алдаш үчүн, арам акчаларын  адалдаштырыш үчүн жасаган  аракети. Элди, генпрокурорду алдоо аракети үчүн Атамбаев мыйзам алдында жооп берсин деп талапкылам!

Видео 5-канал
Булак: Kyrgyztoday.kg 

Аргумент.kg