
ВИДЕО — Апасы ыйлап. Перизат Суранованын сотунда ызы-чуу чыкты
27-бештин айы, 2022-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаардык соту 27-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын кароону улантууда. Шаардык сот жарандык активист Перизат Суранованын бөгөт чарасын карап, мурдагы чечимдерди өзгөртүүсүз калтырды.
«Бөгөт чарасы боюнча жарым-жартылай же толугу менен үй камагына чыгаруу деген бар. Сутка бою үйдон чыкпайт. Социалдык тармактарды колдонууга, телефон менен сүйлөшүүгө тыюу салынат. Аялзатын, үйгө чыгарып коюңуздар. Азыр негизсиз айыпталып жатат», — деди Суранованын жактоочусу Жаныш Бараков.
Сот жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок. Ушундан кийин сот залында ызы-чуу чыгып, Суранованы колдоп келгендер аны бошотууну талып кылышты.