Улуту башка эркектин койнунда жатсам да бактылуумун…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сезим бул жаныңдагы адамга жараша өзгөрүп калышы мүмкүн. Мисалы, «Сүйүү никеден кийин» деген сөз бар го, кээ бирөөнө кыйбас, алмашкыс сүйүү никеден соң келет. Кээ бирлери катуу сүйүшүп жүрүп баш кошушат, анан сүйүүсү дубал сымал урап, кулап деле калуусу мүмкүн. Дүйнө жүзүндөгү кайсы улуттар болбосун, баарында сезим окшош, баары адам. Болгону менталитет, тарбия, коом өзгөчөлүктөрү же айырмачылыктарына жараша адамдарга карата сүйүүнү берүү сезими ар кандай болушу мүмкүн. Чыгармаларды окуганда, же кинолорду көргөндө сүйүүгө кезигүү же жоготуу, өкүнүү, сагыныч бирдей эле сүрөттөлөт эмеспи. Ушундан деле дүйнө адамдарында каалоолор окшоштугуна, болгону ар бир элдин махабатка карай салт-санаасы бар экенин эске алсак. Ошон үчүн мен сезимимди ачыктап жазгым келбейт. Бирок, сүйүүгө жооп бере алам…
 
Мен азыр бактылуу аялмын. Сагынганда тууган жериме, мекениме кайтып келип, сагынычым таратып, эч баа жеткис апамдын жытын жыттап кетем. Мен чет жерден өз бактысын тапкан бактылуу кыргыз кызымын. Улуту башка эркектин койнунда жатсам да, өзүмдү чексиз ырахаттанган, махабатка балкыган жан катары сезем…
Аида Мусакунбек кызы
Арыба.кж

Аргумент.kg