Турсунбай Бакир уулу тарыхты бурмаладыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир топ убакыт мурда кыргыз коомчулугунда Кемпир-Абад суу сактагычынын  Өзбекстанга өтүшү боюнча жүргөн кызуу талаш тартышка ЖКнын экс депутаты көп жолу жаш кыздарга үйлөнүү аркылуу атагы чыккан Турсунбай Бакир уулу билдирүү жасады.Анда ал: Бул суу сактагыч эч качан Кыргызстандыкы болбогон , аны СССРдин учурунда Кыргызстанды компартиянын биринчи секретары катары Кыргызстанды көп жыл башкарган Турдакун Усубалиев Өзбекстанга өткөрүп бергендигин айтат. Ал шайлоочулардын наказы менен Кемпир-Абад маселесин көтөрүп, ошол кезде ал да депутат болуп турган Турдакун Усубалиев менен жолуккандыгын айтат. Ошондой эле Турсунбай Бакир уулу Усубалиев коркоктук кылып, Кыргызстандын аймагында курулган суу сактагычты коргоп калбай, башка өлкөгө өткөрүп берген деп айыптайт. Бирок, тарыхий чындык каякта?60-жылдары биз сыяктуу  15 республика курамына кирген СССР  өтө айбаттуу, кучтүү өлкө эле. Ал өлкө СССРди Коммунисттик партия башкарчу, баардык маанилүү маселелер бул партиянын  Борбордук Комитетинде жана аз гана жетекчилерден турган Саясий Бюросу башкарчу. Биздин Борбордук Азиядан саясий бюрого Казакстандын жетекчиси Д.Кунаев мүчөсү катары, ал эми Өзбекстандын ошол кездеги жетекчиси Ш.Рашидов мүчөлүккө кандидат катары кирчү. Кемпир-Абад сыяктуу маанилүү курулуштар ушул бюродо талкууланып анан министирликке тапшырма берилчү. Анда союздук республикалык маселе эмес, жалпы СССРдин маселеси катары чечилчү. Ал жерде эч ким Кыргызстандын жетекчиси Т.Усубалиевдин макулдугун эч ким сураган эмес. Бул тарыхий чындык болуп эсептелет. Кемпир-Абад суу сактагычын иштетүү жана пайдалануу Өзбекстанга ошол кезде эле берилген. СССР кулап, өз алдынча өлкөлөр пайда болуп жатканда ушундай маселелер чечилиши керек эле, бирок антилбей калган. Эми татаал сүйлөшүлөрдүн негизинде эле чечилиши мүмкүн. Азыр ошондой тарыхий татаал процесс жүрүп жатат. Ошондуктан Бакир уулу айткандай Усубалиев убагында берип салган деген аныктама эч качан тарыхий чындыкка коошпойт.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg