Төрөбаев: «Шайлоого катышпайм. Элди алдоо — мүнөзүмө туура келбейт»

Төрөбаев: «Шайлоого катышпайм. Элди алдоо — мүнөзүмө туура келбейт»

10-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев фейсбуктагы баракчасынан билдирди:
Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы парламенти реформа жасаган, өзгөртүү кылган парламент болооруна менин көзүм жетпейт. Ошол себептен 5 жылдын аралыгында кийинки парламенттик шайлоого, биз шайлоочунун оюн, мамлекетке болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртүү боюнча иштерди алып барабыз. Ошондуктан бул шайлоого мен жеке өзүм катышпайм. Элди алдап парламентке келүү менин мүнөзүмө туура келбейт”.
 
Чындыгында бул шайлоодо акча каражат көп кетет. Бүгүнкү күндө шайлоочунун көз карашында программа, идея жөнүндө эмес, ким канча берет экен деген суроону көп берип жатышат. Ал эми жалган саясатчылардын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп калды. Бул жакшы эмес көрүнүш. Биз саясий процесстерде өз үнүбүздү угузганга, өкмөттүн, бийликтин кылган иштерине жардам берип, туура эмес болгон жерде сын айтып, ошону менен иш алып барабыз”, -дейт Төрөбаев.
ARGUMENT.KG