Топчубек Тургуналиев: “30-40 жаштын тегерегинде төрөй турган кыз-келиндериң барбы?”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коомдук ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы Манас улуттук академиянын президенти Топчубек Тургуналиев агабыз 5-июль күнү 80 жашка чыкты. Топчуке ар күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионго таң эрте (06:00) келет. Улуу башына карабай ар бир алдынан чыккан адам менен “арыбаңыз!” деп учурашат. Өзүнүн калыпка салып койгон дене жибитүү көнүгүүлөрүн жандуу жасайт, чоюлат, керилет. Сырттан караган кишиге 80 жашты берүү кыйын (тфу-тфу! Көз тийбесин). Кантсе да 80 жаш оңой жаш эмес. Алдынан чыгып кутман курагын куттуктадым. Анан баарлаша кеттик. Албетте, Топчуке диктофонумду байкаган жок. Анүчүн окурмандарга эскертүү катары жана алдын ала 80 жашты аттап өткөн агамдан ээнбаштыгым үчүн кечирим сурайм. Осол жазылган сөздөр, одоно айтылган кептер, жөн эле эркекче чакан маек болду.

— Топчуке, эң ириде 80 жашыңыз кут болсун! Теңир жалгап, топоздун этин ашаңыз, токсонду аша жашаңыз, жүгүрүп жүрүп жашаңыз, жүз жашты аша жашаңыз, бар болуңуз!

— Бар бол, иним!

— Сексен жаш кандай экен?

— Билинбей эле келди. Бүгүн он төртү болсо, 80 жаш 9 күн болду.

— Илгери сексендегилер токол алчу экен?..

— Сексен бери жагы, токсон, жүзгө чыкканда деле алышкан. Ал заманда тамакты укмуш жеген. Ар күнү чучук, казы-карта, кыртыштуу эт. Ушу кезде баглан козу, кымызы менен. Таза аба, таза суу, экологиялык жактан баары жогорку сапаттагы  азыктар. Эми токол жөнүндө сөз кылып калдың, алалыбы? Бирден-бирден ыя?..

— Сиз баштаңыз…

— Таап бербейсиңби, болгондо да төрөй турганынан. 30-40тын арасында (тамашалап күлүп…). Болгондо да баатыр төрөй турганы болсо. Кыргыздын санын көбөйтүш керек го ыя? Канча биздин кыргыз кыздарыбыз орустардын алкаштарына тийип, чет элдиктерге кетип атат! Анткен менен бизде эркектер аз. Аялдар 57%, эркектер 43%. Ошол 43 пайыздын 20 пайызын да чыгарып салыш керек, алар катынга жарабай калгандар. Импотент балдар көбөйдү. Себеби, ичкен тамактары химия. А аялдар болсо төрөй берет экен. Жүзүнүн жок дегенде 95и сөзсүз төрөйт. Койнуна кирсең эле болду…

— Топчуке, мен диктофонго жаздырып атам. Гезитке берип коёюн деп…

— Ай, ай! Аныңды кой! Журналисттер ушундайсыңар. Силер менен сүйлөшүш опасно! Жанагы токол деген жерине этият болушубуз керек. Илгери “токол” десе эң ириде байбиче сүйүнчү, “колум узарат экен” деп. Азыр андай эмес, бул – биринчиси. Экинчиси – биздин маекти ага-тууган, жээк-жаат, куда-сөөк, неберелер билип калса, “Топчуке карыганда алжып калганбы?” деп, биздин тамаша маекти эске албай эле катуу сөздөрүн айтат.

— Тамашаны эске албагандар үчүн курум мойнумда, Топчуке! Дагы бир жолу 80 жашыңыз кут болсун! Жанагы сиз айткан 30-40тын тегерегиндеги төрөй турган кыз-келиндер болуп калса кошумча кабар кылам, бар болуңуз!

— Сен да бар бол, иним!

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg