Токтогул Какчекеев: “Коомчулукта “күздөн ары бийликти калтырбайбыз” деген кептер курчуду”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Күздө Кыргызстанда бийлик алмашуу болушу мүмкүн экени айтылып атпайбы. Буга кандай негиздер бар?

— Мына, Кыргызстанда үч жолу төңкөрүш болду. Эми мындан ары дагы болот. Анткени, бул көндүм болуп калды. Бийликке партиялык же башка жол менен келиш өтө оор. Анын үстүндө иштеп, элди өзүнө тартыш керек. Бирок эл дагы ишенбей калган, азыр көпчүлүктүн баасы бар.

Ошон үчүн бийликке келген адамдар экономикалык блокту, акчалуу жерлердин баарын тууган-урук, тааныш-билиштери, жердешчилик аркылуу ээлеп алышат. Ал эми бизнесмендердин оокаттарын тартып алып эле келе жатышат.

“Биз командабыз” деп эле дээри жоктордун баарын тең министр кылып шайлап, элчиликке жиберип атышат. Алар эч нерсени чече албайт да. Ушундан улам интеллигенциянын, дыйканчылыктын, ишкерлердин ичинде “күздөн ары бийликти калтырбайбыз” деген сөздөр жүрүүдө.

— Камалып жаткан саясатчылар дагы буга себепкер болушу мүмкүнбү?

— Ооба, бул жаатта нааразычылыктар бар. Алардын ичинде айрыкча “кустуруу” процессинен улам толкун күчөп атат. Учурда Атамбаев үн чыгарбай калды. Элди үндөө аракеттери болуп атат го. Бирок, Атамбаев эле эмес, калган камалып жаткандар дагы аракетте. Ошолордун ар бири 2 миллион доллардан чыгарса, аянтты 70 миңге чейин киши каптаса, ким тыя алат?!

Аларды токтотууга милициянын деле алы келбейт. Аскерлер болсо саясаттан алыс экенин айтып, “эч нерсеге катышпайбыз” деп четке чыгышат да. Ошондо ким бийликти коргойт? Коргоочу катары бир гана командасы, чөйрөсү, тарапташтары, жердештери калат. Алар көп болсо 30 миң киши. Ушундай иштерди жолго сала турган адам азыр мамлекеттик катчы. Бирок, ал дагы коомдук-социалдык психолог болгон эмес да.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg