Токмоктогу кароосуз калган үйдө 3 күндө 3 жигит өзүн өлтүрүүгө аракет жасады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чүй облусунун Токмок шаарында 23 жаштагы жигит кароосуз калган 9 кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 21-ноябрда өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Жантаев көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган имаратта 1998-жылы туулган О.Д. 9-кабаттан секирүүгө аракет кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу жана милиция кызматкерлери тартылып, жигитти куткарып калышты.

 

Кечээ, 20-ноябрь күнү Токмок шаарында дагы бир жигит кароосуз калган тогуз кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылып, ӨКМдин кызматкерлери куткарып калган. Жигит үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ушундай кадамга барганы белгилүү болгон.

19-ноябрда да ушул эле жерде ушундай эле жагдай катталган. Жигит кыз менен уруша кетип, мас абалында бийик кабаттан секирүүгө аракет кылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аны куткарып калууга жетишкен

Аргумент.kg