Тилекмат Куреновдун  камалышы коомду дүрбөттү

Тилекмат Куреновдун камалышы коомду дүрбөттү

16-жалган куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Кечээ күнү активист Тилекмат Куренов 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу жергиликт сайттар жазып чыкты. Маалыматтарда активист фейсбук баракчасына өзүнүн пикирин жазганы үчүн камакка алынган. Ошондой эле милиция кызматкерлери үйүн тинтүүгө алган маалым болду. Бул окуядан кийин активисти колдоп, калыс пикирин айтып чыккандар да жок эмес. Алардын пикиринде фейсбук тармагынан жазылган пикирлерге мынчалык кысым жасоо ашыкча кетип жатканын айтып чыгышты. Мындай кадамдар менен бийлик алыска узай албасын тарых өзү тастыктаган эле.
ARGUMENT.KG