«The Washington Post»: Трамп Путин менен жолугушуудагы маалыматтарды жашырууга аракет кылган

АКШнын президенттик администрациясынын архивинде Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусунун кеңири стенограммасы жок болушу мүмкүн. Бул тууралуу «The Washington Post» гезити америкалык жогорку даражалуу кызматкерлердин маалыматына таянып жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, президент Трамп жолугушуу учурунда котормочулар кеңири түрдө жазган баяндаманы алууга буйрук берген жана кимдир-бирөөгө маалымат берүүгө тыюу салган. Гезит мындай аракеттер буга чейин АКШнын президенттери карманып келген стандарттарга каршы экенин жазууда.

Дональд Трамп менен Владимир Путин акыркы эки жылда беш жолу көрүшкөн. Анын ичинен Хелсинкиде кадимкидей саммит болсо, калган учурларда алар ар түрдүү эл аралык жыйындардын алкагында жолуккан.

2017-жылы Гамбургдагы Трамп менен Путиндин жолугушуусунан соң АКШ администрациясынын жогорку кызматкерлери сүйлөшүүгө катышкан котормочудан айрым маалыматтарды тактоого аракет кылышкан.

Ошол учурда Трамптын маалыматтарды сыртка чыгарбоо жөнүндө тапшырма бергени белгилүү болгон.

Дональт Трамп Fox News телеканаланы маегинде эч нерсесин жашырбай турганын билдирди. Ал эми Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс The Washington Post гезити жазган макаланы “чындыктын эч үлүшү жок” деп, аны комментарийлөөгө татыбай турганын айтты.

Сандерс Дональд Трамптын АКШнын мурдагы президенттерге караганда Орусияга карата катаал саясат жүргүзүп жатканын кошумчалаган.

АКШда 2016-жылдагы президенттик шайлоодо Трамптын штабынын Орусия менен болжолдуу байланыштары боюнча шектенүүлөр айтылып, бул боюнча атайын иликтөө жүрүп жатат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу