Тажик тараптын огунан ӨКМдин бир кызматкери каза болду
17-аяк оона, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЧек арадагы атышуудан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир кызматкери каза болду. Бул тууралуу министр Бообек Ажикеев билдирди.
17-сентябрь саат 14:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга таянсак, чек ара чырынан жабыркагандардын саны 121 кишиге жетти.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жети жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Тажик тараптын аткылоосунан 24 кыргызстандык мерт кетти.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан жоготуулар көп экенин айткан.
Эске салсак, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.