Тажик номерлүү унааны коштогон МАИ кызматкерлери жоопко тартылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баткенде кармалган оор жүк ташуучу тажикстандык номердеги унааны коштоп бара жаткан милиция кызматкерлери жаза тартылат. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматта, социалдык баракчаларда тараган видеого түшүп калган жук ташуучу унааны коштогон МАИ кызматкерлеринин жүрүм-турумдары тергөө иши башталды. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча тартип сакчыларына тартиптик чаралар көрүлөт . Эске салсак, Баткен облусунун чон жолунда карапайым эл тосуп алган тажик номерлүү унааны атайы МАИ кызматкерлери коштоп келген. Ошондой эле тосуп алгандарга орой мамиле жасап аларга кол салганга чейин барган.

Аргумент.kg