Тазабек Икрамовго окшогон көкжалдарды көтөрмөлөп алсак кана…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өзүм деп, өз көмөчүнө гана күл тарткан адамдардан айырмаланып, эл, мамлекет деген да инсандарыбыз бар экени кубандырат. Алардын бири Жогорку Кеӊештин депутаты Тазабек Икрамов. Мына ушул Тазабек мырза өӊдүү көкжал депутаттарыбыз арбын болсо өлкө келечеги да жаркын болоору шексиз. Дегенибиз, Жогорку Кеӊештин депутаты болуп бир гана чакырылышка эмес, удаасы менен экинчи чакырылышка шайланып келди. Болгондо дагы экинчи жолку мандатты бир мандаттуу округдан озуп чыгып эңип кетти, эй! Алгач депутат болуп келген кезде, тагыраагы мурунку чакырылышта айрым жаңылып айтып алган сөздөрү менен коомчулуктун мыскылына кабылган Икрамов азыр кадыресе такшалган депутатка айланды. Өзүнүн принципке бекемдиги, өз ою, өз максаттары бар жана эл үчүн күйгөн чыныгы депутат экенин далилдеп келет. Икрамов ар дайым реалдуулукка баш буруп, анык проблемалуу, элге керектїүү жагдайларды колдоого алууда. Муну өз учурунда айтып коюу ашыкча болбойт.

Булак:Де-Факто

Аргумент.kg