Таалайбек Сарыбашов кайрадан Ош мэри болгусу келерин айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодо добуш берген соң, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып кайрадан калаа жетекчиси болом деген ниети бар экенин билдирди.

Сарыбашов муну шайланган депутаттар чечерин, эгерде алар сунуштаса учурдагы кызматына кайра бара тургандыгын кошумчалады.

Бүгүн, 11-июлда, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Ош шаарындагы 78 шайлоо учактогу иштеп, аларда 152 миң киши добуш берери күтүлүүдө. Шарт боюнча жаңы шайланган шаар депутаттары калаа жетекчисин дайындашат.

Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэрлигине 2018-жылы шайланган. Былтыркы октябрь окуяларында иштен кетип, саясий кырдаал турукташкандан кийин кайра жетекчилик милдетин аткара баштаган.

Аргумент.kg