СҮРӨТ- Бетке беш тонна чаптап, Рыскүлдүн колун ысытып акча берсе эле Бишкектин сулуусу болуп калабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жакында эле «Мисс Бишкек 2018» сулуулар сынагы болуп, аны жеңген кыз кызуу талкуудан түшпөй жатат. Интернет колдонуучулардын бири Баяна Кулова: «Ушул кыз Бишкектин эң сулуу кызы деп табылыптыр. Рыскүл Намазбек кызы деген сулуу кыздардын артынан бизнес жасаганын токтотподу же кыздар катышканын койбоду.

Бул кыз конкурста кандай катышты билбейм, но менден бир аз эле сулуураак экен. Бетин жуудуруп, кирпигин алдырып салса мага эле окшоп калса керек. Бул сулуу болсо анда Бишкектин көз талдырган ажарлуу татынакайлары кандай наамга татыктуу болду экен?

Бетке беш тонна упаны чаптап, кирпикти кайкалата жасатып анан Рыскүлдүн колун ысытып акча берип койсо эле сулуу болуп калабы? Капыраа-аай» деп жазып чыкты.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

 

 

Аргумент.kg