Султанбай Айжигитов: «Башка экономикага салым кошо бербей, өзүбүздүн өндүрүштү көтөрөлү»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Султанбай Абдрашитович, Украинадагы кырдаал бизге канчалык таасир этет? 

— Сөзсзү таасир кылат. Негизинен, терс жагынан көбүрөөк таасир этет. Россияда биздин миллионго жакын мигранттарыбыз бар. Алардын жылына жөнөткөн акчалары расмий эки жарым миллиард доллар, расмий эмес 3 миллиарддан кем эмес. Бул биздин бюджетке тең киреше. Бүткүл Дүйнөлүк банктын прогнозу боюнча которуулар 33%га төмөндөйт. Демек, биздин элибиздин реалдуу кирешеси да 33 пайызга төмөндөшү мүмкүн. Ошондуктан, өкмөт тез арада антикризистик чараларды, орто жана жакын мөөнөттөгү чараларды көрүүгө тийиш.

— Учурда жазгы талаа жумуштары башталды. Бирок, акыбал азыркыдай болуп турса, дыйкандарды күйүүчү майлоочу майлар, үрөн менен камсыздоо жагы кандай болот?

— Мурда жакшы шарттарда деле татаал болчу, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өтө эле татаал болот. Себеби, ГCMгe, үрөнгө бүт дүйнө жүзү боюнча баалар өсүүдө. Бул тенденция жакынкы жылдары да сакталат.

— Кээ бир товарларды, мисалы, жер семирткичтерди жакынкы кошуналардан деле сатып алсак болбойбу?

— Эң жакшысы, өзүбүздө өндүрүшүбүз керек. Ушул багытта иштөө зарыл. Бардык тапкан акчабызды бирөөнүн товарларын алып, бирөөнүн экономикасына эле салым кошо бербей, өзүбүздүн өндүрүштү көтөрөлү да. Көп товарларды, өзгөчө айыл чарба багытындагы товарлардын баарын өзүбүздөн чыгарсак болот. Бул үчүн бизде бардык шарттар бар.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg