“Samsung” жыл аягына чейин бүктөлмө смартфон чыгарат

“Samsung” алгачкы бүктөлмө смартфонду жылдын аягына чейин көрсөтүүгө даярданып жатканын маалымдады. Бул тууралуу “life.ru” порталы маалымдайт.

Бул түзүмдүн дисплейи ийилгич жана органикалык жарык диодка негизделген.

Мындай маалыматты компаниянын уюлдук бөлүмүнүн башкы директоры “GSM-Arena” басылмасына берген маегинде кабарлаган. Анын айтуусу боюнча, вендор бүктөмөлүү смартфон мүнөздөмөсүнө ээ “Galaxy” сериясындагы түзүмү менен жумуш иштөөдө. Азырынча анын кандай жумуш иштери тууралуу так маалымат жок. Түзүм ичке карай же дисплей өзү менен бирге корпусу да айландырышы ыктымал.

Эскерте кетсек, бир нече күн мурун компания инсайдерлери “Samsung”тун алгачкы төрт камералуу самартфонду чыгарганы жатканы тууралуу маалымдаган. Бүктөлмө түзүм менен төрт камералуу аппарат бир смартфон деген да сөздөр айтылууда.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу