СҮРӨТ — Алия Шагиева Садыр Жапаровдун сүрөтүн тартып, коомчулукта чуу жаратты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өзүнүн Инстаграм баракчасында Садыр Жапаровдун сүрөтүн тартып, анда Конституция, акыйкат, чындык, адам укуктары деген жазууларды даарат кагазга жазылган сүрөтүн жарыялады.

Мурдагы президенттин кызы муну менен атасына туура эмес мамиле жасалганын айтты.

Тарткан сүрөттүн алдында: «Урматтоом менен эмес, Шагиева Алия» деген жазуу калтырган.

Бул сүрөт коомчулукта кызуу талкуу жаратып, элдин нааразычылыгын жаратууда.

Эске салсак, 23-март күнү жактоочу Замир Жоошев Атамбаевди абактан күч колдонуу менен Биринчи май райондук сотуна алып келгенин билдирген. Анын айтымында, № 47 колониянын кызматкерлери аны абактан футболка, ич кийимчен мажбурлап алып чыгып конвоирлерге өткөрүп берген. Эртеси Атамбаевдин тарапташтары ага жасалган мамилеге нааразы болуп түрмөнүн алдында митинг уюштурган.

Ал эми бул боюнча Президент Садыр Жапаров өзүнүн жеке пикирин билдирген.

«Бийлик буйрутма берип, ушундай кылып өч алып жатат» деген сөздөр болуптур. Мага кыянаттык кылгандардын баарын кечиргем. Алардын арасында Атамбаев дагы бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм. Өч алуу табиятыма дал келбейт. Айтайын дегеним башка. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш иели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо, сот процесстерин жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок», — деди Жапаров.

 

Аргумент.kg