Премьер-министр: «Коомдук транспорттор дем алыш күндөрү токтотулат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарында дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтотуу сунушталууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйында билдирди.
«Коронавирус жуктуруп алгандардын саны күн сайын өсүп жатат. Бишкек, Ош шаарларында, Чүй облусунда күч алууда. Коопсуздук кеңештин чечимдери сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керек. Республикалык штаб жаңы шарттарды киргизүүгө мажбур болууда. Бишкек шаарына дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтотуу сунушталууда. Бул да болсо жарандарыбызды коронавирустан сактайт деген ниетибиз бар. Коомдук транспорт ишемби күнү түшкө чейин жүрөт, жекшемби күнү толугу менен токтотулат.
Мындан сырткары, региондор аралык каттамдарды да токтотуу чечими кабыл алынып жатат. Инфекцияны таратып алуу коркунучу болгондуктан жеке менчик унаалар каттай берет. Санитардык талаптарды аткаруу менен коронавирусту токтотууга жоопкерчилик менен мамиле кылсак чектөөлөр алынат «, — деди ал.

Аргумент.kg