Питерде өзүн «Кыргызстандыкмын» деп тааныштырган айдоочунун видеосу талкуу жаратты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Санкт-Петербургда жергиликтүү тургун жол эрежесин бузуп, тыгын жаратты. Бирок ал жол эрежесин сактаган башка айдоочуну күнөөлөп видеого тарта баштаган. Россиялык басылмалардын маалыматына караганда, окуя бир күн мурун Борбордук кичи районундагы көчөдө болгон. Өзүн Кыргызстандыкмын деп тааныштырган Фольксвагенди айдап бара жаткан айдоочунун унаасы Тойота Прада менен бетме-бет кездешкен. Алардын айынан жолдо тыгын жаралган. «Мигрант өз тилкесинде кетип бара жаткан. Каршы тилкеге чыккан жол тандабастын ээси аны өткөрүүсү керек деп чечкен. Натыйжада, Тойотанын артында өтө албай калган унаалар тизилген. Фольксвагендин айдоочусу принципке туруп, жол эрежесин бузган жергиликтүү тургунга моюн сунган эмес. Кечигип жаткан аял андан сылыктык менен суранганда гана ал унаасын артка айдап жол бошотуп берген», — деп жазылат маалыматта. Мындан тышкары, Тойотадагы адам тарткан жаңжалаын видеосу социалдык тармактарга тараган. Өз кезегинде колдонуучулар кыргызстандык туура айткандыгын, видеонун автору жол  эрежелерин үйрөнүшү керектигин белгилешти. Эң кызыгы Кыргызстандык интернет колдонуучулары өзүн «Кыргызстанданмын» деп тааныштырган айдоочу кыргыз эмес эле өзбек же тажик жараны экенин айтышууда. Эгер чын эле ошондой болсо, ал эмне себептен минтип айтты деген суроо жаралууда.

Аргумент.kg