Оштогу сабалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн бири өзүнө келди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаарында сабалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн бири өзүнө келди. Бул тууралуу анын жубайы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал үрөй учурган окуяда күйөөсү аман калганын билдирип, жалган маалымат таратпоого чакырган. 

Бул маалыматты укук коргоо органдары да тастыктап, сабалган жарандардын бири тирүү жана ооруканада экенин белиледи.

Ал арада Ош шаардык милициясы да аталган окуя боюнча маалымат берип, оперативдүү издөө иштери уланып жатканын билдирди.

Кечээ, 13-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Курманжан Датка көчөсүндө кылмыштуу топтун эки мүчөсүнө кол салуу болуп, бирөө каза болгонун билдирген.

Көп өтпөй эле бул кылмышты уюштурууга шектелип, кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана аты бар Кадыр Досоновду кармалды. Ошондой эле милиция Досоновдун шериктери делген үч жаранга издөө жарыялады. Алар:

  1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
  2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
  3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.
Аргумент.kg