ОшМУда коррупция, чатак, ректор Кожобеков коллективди кыйнап атат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушундай. Коррупциядан арылбаган ОшМУда дагы чатак чыгып, эми айлык маселеси боюнча пикир келишпестиктер болуп жатат. Сооронбай Жээнбеков сүйрөп жүрүп чоңойткон ректор Кудайберди Кожобеков келгени университет артка кетти. Соке өзү ортого түшүп, президент болуп турганда кадырын салып, Садовничыйга жалдырап атып, МГУнун филиалын ОшМУнун базасында ачмай болушкан. Кудайберди Кожобеков жөндөп окуу имаратын бүтүрө албай мурдунан суусу агып, өлдүм-талдым менен салып бүтүргөн имаратын москвалыктар жактырбай коюп, жүз миллиондогон каражат талаага чачылып отурат. Бу университетти тартып кеталбаган шалдыраган ректор Кожобеков ОшМУну дагы канча кыйнайт болду экен?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg