Орозайым Нарматова: Дипломду өзүмдүн күч аракетим менен алгам

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин депутат Орозайым Нарматова жеке фейсбук баракчасына жазып чыкты:

«Урматтуу мекендештер! Сарсанаа болуп, кабар алып, колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн рахмат. Мен түз эфирде айткандагыдай ЖАМУнун ишмердиги боюнча сурак берип чыктым, баары жакшы. Буйруса тергөө адилеттүү жүрүп, чындык чыгат деген үмүттөмүн, бирок ишене албайм. Бийлик колдо турганда эмнелерди гана жасап салуу мүмкүн экендигин жалпыңыздар жакшы билесиздер. Эң негизгиси Кудай астында, эл астында жана өзүмдүн абийирим астында жүзүм жарык. Кудайга шүгүр, мыкты баа алып, жакшы окуп, ата-энемди кубанткан кыздардын биримин. Эки жолу шайлоого катышып, дипломумду, резюмени баарын тапшырып, БШКдан «лупа» менен текшерилип, «баары таза, баары жакшы»- деген чечим менен шайлоодон өттүк. Ушундан улам былтыры да шайлоодо «Нарматова БШКга фальсификация кылып, документ тапшырды»-деген доомат менен Бүтүн Кыргызстанды шайлоодон алып салуу аракеттери болгон окуя, менин жарандыгым боюнча каралоо, менин аялдык ар-намысыма шек келтирген каралоо эске түшөт. Ошондо да койгон дооматтары орунсуз экени далилденип, уят болушкан. Эми каралоого доо таппай, эптеп өч алуу максатында өздөрүнүн маалымат каражаттары аркылуу «сындырып, уят кылабыз»-дегендей сыяктанат. Андан башка себеп жок.. Бул сыноолордун баары жакшылыкка. Мамлекеттин эң чоң проблемасы Мадумаров менен Орозайым болсо мен кубанычтамын»-деп жазды ал.

Аргумент.kg