Мукактаган “музоо” же Жолдошевич экономиканын ээрин шыпырабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бизде кадрлар кайдан түшөт деген абстракт али конкреттеше элек. Жоктон тапкансып алып келген кадрларыбыз капчыкты кампайтуу оорусунан улам дамбалын булгагандан башка иш кыла албай, жүдөп жүрүшөт. Айтсак, экономика тармагын тескеген министр Данияр Амангельдиев деген “молокосос” келгени экономикабыз жыргап деле кеткен жок. Экономика эмес, бул тармак кеңейип, азыр “Экономика жана коммерция” министрлигине айланган. Туура, Амангельдиев жаңы келди, канчалык жан үрөп иштесе деле, кыска мөөнөттө экономикада өзгөрүү кантип болбосун дешиңиз мүмкүн. Бирок, кандай болгон күңдө дагы министр катары пландуу иш алып баруу, алдыдагы максатын аныктап алуу керек го. Бул “музоо” азыр бир тыйынчалык иш кыла албай келет. “Ындыгара” кейиптенип иштеп аткан кишинин образын жаратып, олчойгон айлыкты кемирип отурат.

Булак:Де-Факто

Аргумент.kg