Москвада кармалган Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменовду Бишкекке алып келишүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкектеги соода борборлордун биринде унаасында граната табылып, кийин коркутуулар болуп жатканын айтып, Россияга чыгып кеткен активист Илгиз Шаменов Москвада кармалды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, ал 27-октябрда кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова менен бирге бүгүн саат 15:00до Бишкекке учуп келет. Шаменов алар «бийликти курал менен басып алууга» шектелип, эл аралык издөөгө жарыяланганын белгиледи.

«Орозай Нарматова экөөбүз учуп баратабыз. Бүгүн саат 15.00дө Бишкек аэропортунда болобуз. Көрсө, биз өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер сыяктуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Москвага өзү келип, бизди экстрадициялоону суранган экен», — деп жазат активист.

Ал белгилегендей, аларга «ок атуучу куралды колдонуу менен массалык баш аламандык уюштурууга даярдануу» беренеси боюнча айып тагылууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жыйырмадан ашык активист жана саясатчы «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип камакка алынган. Кармалгандар буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып келишкен.

Илгиз Шаменов менен Орозайым Нарматова да Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршылыгын билдирип келишкен. Алардын кармалышы активисттерге ачылган ишке тиешеси барбы азырынча белгилүү боло элек.

Аргумент.kg