Москвада бизнес кылган Сапар Исаков бийлик кумарына азгырылууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

 

Кремлге таянган Сапар Исаков Москвадан бизнес жасап, орустарга инвестор катары миллиондорун салып, позициясын бекемдеп алганы каңкууланды. Күзгө карай саясый пландарын түзүп, ыгы келсе тизгин талашууну да кыялдангандай. Бирок, бийликтин рейтинги түшпөй атканынан айбыкканы байкалууда. Бир эсе төбөлдөргө Сапар Исаков тымызын ортомчу салганы да айтылууда, айтор, ар кандай амалдар менен Москвада жөн жатпай, айласы кетип атканын эшиттик. Баса, Жээнбековдордун кланы камала баштаганына өзгөчө кубанып атыптыр…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg