Министр Бакетаев: «Эл жөлөк пул бер, пенсия бер, бирок тарифти көтөрбө, салыкты чогултпа дешет…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Финансы министри Алмаз Бакетаев «элибиз бер, бер дегенден башканы билбейт» деген ич күптүү нааразычылыгын айтты.

Ушундай чолок ойлуу же аксак логикалуу чиновник кантип министр болуп иштеп жүрөт болду экен?

Министр Бакетаев: «Эл социализмге көнүп алышкан. Жөлөк пул бер, пенсия бер, бирок тарифти көтөрбө, салыкты чогултпа дешет», — деп айтып жатканда, кимдин эсебинен айлык алып, оозун чоюп жатканын ойлоду бекен?

Тим эле элге өзүнүн чөнтөгүнөн айлык, пособие, пенсия берип жаткандай сүйлөйт го чиркин. Акыл-эси болсо, мамлекетти эл багып жатканын түшүнүп, алкыш айтмак. Тилекке каршы, көрөңгөсү чектелүү тура.

Өзү деле ойлосо болмок, былтыр 2022-жылы «156,3 миллиард сом салыктан чогулду. Мындай Кыргызстандын тарыхында болгон эмес», — деген пиарды эмнеге дүңүлдөтүп жатабыз деп…

Бул каражат көтөрүлүп жаткан тарифтен, салыктан улам, элдин жонунан кайыш тилинип чогулбаганда, Акылбек Жапаров экөөнүн чөнтөгүнөн же сыйкырынан пайда болдубу? Сөз деп эле күпүлдөй бербей, бир аз болсо да мээни иштетиш керек го…

Андан дагы бул министр сөрөй Конституция боюнча Кыргызстан социалдык мамлекетке кирерин билбейби? Мамлекет кандай болгон күндө дагы, жашоо минимуму өлчөмүндөгү жөлөк пул жана пенсия төлөп бериш керек. Базар экономикасында жашашкан өнүккөн өлкөлөрдө дагы жашоо минимуму өлчөмүндөгү жөлөк пул жана пенсия төлөнөт.

Негизи, пенсия карапайым калктын ондогон жыл иштеп, мамлекетке күчүн берип, эмгегин кылып Соцфондго чегерген өздөрүнүн каражаты. Аны Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров менен министр Алмаз Бакетаев элге боор ооруганынан улам, жоктон бар кылып берип жаткан жок.

Негизи бул министр мамлекет ириде калктын социалдык маселерин жакшыртууга милдеттүү экенин түшүнбөгөнү кызык.

Аргумент.kg