Мектепке даярдык: балаңыз жаңы окуу жылына даярбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Окуучуну жаңы окуу жылына даярдоо, кыйын кез болушу мүмкүн. Анткени, үй-бүлөлүк бюджет чыгымга учурай турган кез. Жаңы окуу жылы да жакындап келет. Ал эми балдары мектеп жашындагы ата-энелер үчүн убайым тарткан учура башталат.
Ар бир ата-эне баласынын окууга-билимге болгон куштарлыгын арттыру үчүн албетте, жаңы окуу жылында жаңы окуу куралдары менен камсыз кылгысы келери белгилүү. Бирок, ачык айтуу керек, өзгөчө төрт-беш баласы тең мектепке барган үй-бүлөлөрдүн чөнтөгүнө оорчулук келбей койбойт. Бирок, баланын келечеги үчүн ата-эне эч нерседен аянбаганы менен, колундагы барын окуучу балдары үчүн бирдей жеткирүүгө аракет кылат. Окуучуну жаңы окуу жылына даярдоонун кыйынчылыктары да болушу мүмкүн. Анткени, үй-бүлөлүк бюджетке келбегенде кыйынчылыктар жаралуучу учур. Биздин айталы дегенибиз канткенде үнөмдөөгө болот? Тактап айтканда, жаңы окуу жылына керектүү заттардын тизмегин жасап көрөлү:

Бул албетте, эң алды менен мектеп формасы. Кийим-кече менен бут кийимдин да бир нечесин сатып алууга туура келет: күнүмдүк мектепке арналган кийим жана спорттук кийимдер.
Сумка, окуу куралдары менен дептерлер. Сумкасы мүмкүн болушунча ортопедиялык үлгүдө жасалган, материалы чыдамдуу, бат кирдеп калбай турган, нымдуулукту өткөрбөгөн жана күндөн өңү өчүп калбай турган болсо жакшы.
Кеңсе товарлары: кем дегенде 5 даана көк калемсап (ручка), түрлүү-түстүү карандаш, кара карандаш 5 даана, өчүргүч, калем учтагыч, сызгыч (түрдүү көлөмдөгү 2 даана), пенал, дептерлер үчүн тыш.
Сүрөт сабактары үчүн: акварель боёгу, боёкко арналган стакан жана кыл калемдер, гуашь, ак жана түрлүү-түстүү картон, түрлүү-түстүү кагаз, ПВА клейи, пластилин, кагаз кыркууга арналган кайчы, альбом жана башкалар. Ал эми башталгыч класс үчүн кээде китептерин да сатып алууга туура келет.
Жогорку класстын окуучулары үчүн күндөлүк, атлас, контур карталары керек болот. Ушунун бардыгын сатып алууга көп учурда каражаттын жетишсиздиги себеп болот. Ошондуктан окуучуга эң керектүү гана 10 куралды тизмеге киргизиңиз:
1. Милдеттүү түрдө окуучунун мектеп формасы. Күздүн эң суук мезгилине арналган кийимди эмес, алгач күндөргө, жылуу мезгилге арналган кийим;
2. Сумка. Каржылык абалыңызга карай баасын да өзүңүз тандайсыз;
3. Спорттук кийим. Мунун да баасы кымбат, кышка арналган турүн кийинкиге калтырууңузга болот;
4. Бут кийимдер. Күнүмдүк туфли жана спорттук бут кийим;
5. Дептерлер, дептер тыш. Ар бир сабакка ылайыктап 5тен дептерден алууңузга болот. Эгер жогорку класстын акуучусу болсо көп барактан турган дептер алууңуз керек;
6. Калемсап, карандаш, өчүргүч, пенал сыяктуу окуу куралдарын да үй-бүлөдөгу окуучунун санына карата бир-бирден алыңыз;
7. Азыркы кезде чет тилин башталгыч класстан баштай турган окуучулар үчүн чет-тилинин сөздүгүн да алуу кажет. Балаңыздын тил үйрөнүүсүн кааласаңыз, аябаңыз жана мугалим менен кеңешүүнү да унутпаңыз;
8. Күндөлүк;
9. Кол эмгек сабактары үчүн: кайчы, клей, түстүү кагаз, альбом керетелет;
10. Түрдүү фигураларды сызууга арналган сызгычтар топтому, циркуль керек болот.

Аргумент.kg