Максим Бакиев Кыргызстандан 300 миллион доллар чыгарып кеткенби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльмурза Сатыбалдиев 2010-жылдан кийин Максим Бакиев алып кетип калды дешкен 300 миллион доллар эч жакка кетпегенин айтты.

«2008-2009-жылы Россия Кыргызстанга 300 миллион кредит берген. Анын үстүнөн дагы 150 миллион гранд берген. Ошол 300 миллионду 2010-жылдан кийин Максим Бакиев алып кетип калды дешти эле. Мен билем эч жакка кеткен эмес. Ушул акча жөнүндө айтып бере аласызбы?»,- деп суроо узатты депутат Улуттук банктын төрагасына.

«Бул акча боюнча маалымат мындай. Мен ал убакта Улуттук банктын төрагасынын орун басары болчумун. Ушул каражаттарды биз көзөмөлдөчүбуз. 7-апрелден кийин ал акча бар болчу. Аны эч ким алып кеткен эмес. Мен өзүм 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт акча жок дегенинен, өзүм Бишкекте маалымат жыйын бергем. 300 миллион доллардын 80 миллион доллары Камбар-Ата ГЭСине сарпталган калганы Кыргызстанда бар болчу. 190 миллион доллар Улуттук банктын эсебинде, 30 миллион доллар коммерциялык банктарда депозитте болчу. Мен муну айткан соң, мени кызматтан алып, кылмыш ишин козгоп, кийин мен камалгам. Кийин мен акталдым, анткени анын баары жалган болгон»,- деди Улуттук банктын төрагасы.

Аргумент.kg