МАДУМАРОВ: “МЕН КУРМАН АЙТТА БАКИР УУЛУНА МАЛ СОЮП АЛЫП БАРЫП БЕРГЕМ”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн 3-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын штабынын алдында Адахан Мадумаров баш болгон талапкерлер эл менен жолугушту. Анда Мадумаров Турсунбай Бакир уулу менен буга чейинки болгон мамилесине токтолуп, Курман айтта ага мал союп алып барып бергенин айтты.Бул тууралуу Элдик Медиа билдирди.
Ошондой эле партия лидери “Бакир уулу беш жылдан бери жумушсуз калып, ооруп жатканын угуп кичине алаксысын деп чакыргам” дейт.
“Бүтүн Кыргызстандын” бүгүнкү чогулушун социалдык тармакта мөөнөтүнөн мурда үгүт иш катары баалап жатышат.
Белгилей кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын документтерин кабыл алуу маселеси бүгүн БШКда каралат. Ал эми үгүт иштери расмий түрдө 4-сентябрдан тарта башталат.
 

Аргумент.kg