MИHИCTP ДЫЙКАНДАРДАН ЭМНЕГЕ КОРКТУ?

Акыркы жылдары дыйкандар менен чарба министрлигинин ортосундагы мамиле көңүл жылытарлык эмес. Жер айдап кун көргөн элеттиктер аталган мекеменин ишине дайым нааразы. Буга өткөн жылы картошка эгип, түшүмүн сата албай дыйкандардын сызга отурганы далил. Аяты чирип талаага төгүлгөн картошкалардан улам, дыйкандар быйыл этият болуп калганы да бар. Айыл чарба министрлиги дыйкандар үчүн эмнелерди айдап себүү керектиги боюнча прогноздорду берип келет, бирок ал кеп учурда дал келбей же аны аткаруу ишке ашпай калганы байкалат. Өткөн жылы Айыл чарба министрлиги жарым миллион тонна картошканы Өзбекстанга экспорттоо боюнча келишим түзүлгөнүн айтып, фермерлерге картошка эгүүнү сунуштаган. Натыйжада дыйкандар мол түшүм алып, бирок кардардын жоктугунан килограммы 4-5 сомго түшүп кетип, катуу зыянга учурашкан. Жыл башында дыйкандарга соя, чечевица жана буурчак эгүүнү сунуштап, соянын эле бир килограммы 100-120 сомдон сатыла тургандыгын билдирген. Жаңы келген министр Чодуев: «Биз дыйкандарга кеңеш берер алдында соя, чечевица жана буурчакты алып-сатып иштеген компаниялар менен сүйлөшкөнбүз. Алар жазында үрөнүн берип, күзүндө даяр продукцияны сатып алабыз деп убада берген. Ал продукциялардын баасын базар аныктайт. Негизи жоопкерчиликтен качпайбыз. Убадаларды берүү үчүн экинчи тараптар менен келишим же меморандум болгондон кийин ишеничтүү айтышыбыз керек», — дейт. Министрликтин маалыматына ылайык, быйыл республика боюнча 80 гектарга буурчак , 60 гектарга чечевица жана 2200 гектардай жерге соя эгилди.

Булак: факты кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу