Кыргызстандык балбан Россияда атып өлтүрүлдү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

7-августка караган түнү Ингушетиянын Назрань шаарындагы атайын операциянын жүрүшүндө, белгилүү балбан, 25 жаштагы Муслим Евлоев өлтүрүлдү. Коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, ал үйдө мыйзамсыз куралдуу топтун тарапкерлерин жашырып койгон.
Муслим Евлоев Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болгон. Ал 2015-жылдан бери күрөш боюнча Кыргыз улуттук курамасынын катарында болчу.
Террорго каршы операциянын алкагында атышуу орун алып, Евлоев атып өлтүрүлдү. Экинчиси жанкечтинин жардыруусун жасап, шектүүлөрдүн үчүнчү шериги кармалды. Укук коргоо органынын кызматкерлери үйдүн ичинен бир нече тапанча жана жарылуучу заттарды табышкан.
Россиянын Улуттук терроризмге каршы комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ күнү укук коргоо органдарына шектүүлөр террордук мүнөздөгү кылмышка даярданууда деген маалымат келип түшкөн.

ЭлдикМедиа

Аргумент.kg