Кыргызстанда коронавирустун омикрон штаммы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Маалыматта, өлкөдө штамм эки үлгүдө аныкталган. «Эми мен республиканын бардык аймактарынан үлгүлөрдү чогултуп, штаммдарды аныктоо үчүн Бишкекке алып келүүнү айттым», — деп кошумчалады министр.