КУРБУ КЫЗЫМ ЖЕК КӨРҮМЧҮГӨ АЙЛАНА БАШТАДЫ. КҮЙӨӨМДҮ ТАРТЫП АЛАБЫ?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бала кезден курбу болгон, бир партада бирге отуруп, балалыктын нечен сонун күндөрүн бирге өткөргөн, жан сырыбызды бирге бөлүшкөн курбум күн санап жек көрүмчүгө айланып, мени азапка салып, айламды кетирип барат.
Биз бой жетип, жогорку окуу жайда да курсташ болуп, университетти да аяктадык. Экөөбүз эки мырзанын колун кармап турмуш жолуна аттанганда да, достугубуз жакшы сакталып, күйөөлөрүбүз менен бирге катташып жүрдүк. Бирок, жашоо баары сен ойлогондой боло бербей, улам алдыда ар кандай сыноолору менен күтүп турат экен. Курбу кызымдын күйөөсү кызыл камчы болуп чыкты. Ар бир таяк жеген сайын биздин үйдө. Ата-энеси айылда болгондуктан, ага-жеңесин жеке турмушуна аралаштыргысы келбей биздикине келет. Жети айлык уулу менен жылдап үйүмө батырып жашай берүүгө макул элем, бирок, бул келиши абдан узакка созулуп, күйөөсү башканы таап алганы да маалым болду. Биз колубуздан келген жардамызды аябай калкалап келебиз. Мага да сонун, жумуштан келгенимче тамак жасап, баарын иреттеп коёт. Бирок, күн санап күйөөм экөө жакын болуп баратканын сезе баштадым. Мен иштен келгенде күйөөм анын уулун көтөрүп, кобурашып, күлүп-жайнап отурушат. Мен келгенде дароо өңдөрү өзгөрөт. Бири-бирин кылгырып караганы жанга батат. Ошентип жандай көргөн курбум жек көрүмчүгө айланып бара жатат. “Күйөөмдү тартып алабы?” деген коркунучтуу ойлор келе баштады…
Кыял
Aryba.kg

Аргумент.kg