Көрбөгөндүн көргөнү курусун! Кудрет Тайчабаров коррупцияга малындыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Бишкек” СЭЗде кайрадан коррупция башталдыбы? 

Буга чейин “Бишкек” СЭЗдин бир нече директору беш колун оозуна тыгып, коррупциянын сазынан чыга албай, акыры кылмыш иштери козголуп, кызматтарынан айдалып, айрымдары соттолуп да кетишкен. Революциядан кийин келген бийлик бул жерге ишкерлик менен иши жок Кудрет Тайчабаров аттуу журналистти дайындашкан. Алардын тилеги “жаш бала жаңыча, таза иштейт го” деген үмүттө болушту. Бирок, ал жигит кой терисин жамынган жаңы “жегич” болуп чыккандыгы ишкерлерди өкүндүрдү. Буга бир эле мисалды айта кетели.

Эмнегедир Тайчабаров 400гө жакын ишканалардын жерге болгон арендасын бир баага келтирүүгө кызыкдар эместиги байкалды. Биринен жердин квадрат метрин 1 доллардан, экинчисинен 2 доллардан, үчүнчүсүнөн 3 доллардан алып жатышы ага баягы эле “Бишкек” СЭЗдеги коррупциялык схема жагып калгандыгынан кабар берет. Болбосо, тариф баардык субъектилерге бирдей болушу керек эле. Мына ушул коррупциялык элементтердин аркасы менен астындагы арзан машинасы депутаттар минген кымбат баадагы унаага теңилди дешет (!) көргөн-билгендер. Бул кытай унаасы кайдан келген? Укук коргоо органдары текшерип көрүшү керек окшойт. “Көтөргөн соткасынын баасын айтпай эле коёлу” деп жакаларын кармап жатышыптыр.

Ырысын көтөрө албаган эргул кыска убакытта эле казы байлап калдыбы? 

“Бишкек” СЭЗге жетекчи болуп келген Кудрет Тайчабаров буга чейин кадимки журналисттердей эле аз айлык алып, тирилик кылган жазмакер эле. Бир учурда эле Москвага кетип, таксист болуп жүргөнүн эшитип калдык. (Ар кимдин техникасын алыштырып-чалыштырып ийгенин айтпай эле коёлу. Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун уулунан кымбат баадагы фотокамерасын алып, бербей, бул укук коргоо органдарына чейин жеткени боюнча маалымат бар). Анан эле революциянын алдында азыркы бийликти колдомуш эткен блогер болуп чыга келди. Багына ал кишилер бийликке келип калып, бул жигиттин көктөн издегени жерден табылып, олжолуу орунга олчоюп отуруп калды. Алгач ишкерлер “эми иштеп көрсүн, көрөлү” деп мыйыгынан жылмайышкан экен. Тилекке каршы, азыр улуу муундагы ишкерлер «көрбөгөндүн көргөнү курусун» деп оор үшкүрүнүп жатышыптыр. Анткени, кылган иштери кадимки коррупциялык системалык жолго оогондугу билинип калыптыр. Тактап айтканда, СЭЗдин жетекчилиги кайсы бир ЖЧКга 2-3 млн. сомго аймакка ангар курдуртуп алып, эми акчасын бербей айлаларын алты кетирип жатышыптыр. Көрсө, мурдагы СЭЗдин жетекчилери “келишимди ана-мына түзөбүз” деп жатып камалып кетишкен экен. Ал ишкерлик кылууга жарактуу ангар учурда да турат. Канча жыл мурун курулган ангардын арендасын Тайчабаровдун дирекциясы алып келген жана азыр да алып жатат. Келишим түзүлсө, салып берген ишкердин кеткен чыгымын дирекция төлөп бериши керек. Бирок, булар ишкерден сый акы же пара күтүп жатышабы, айтор, “көптөн бери ал ишкерди кыйнап, мүмкүн болбогон шарттарды коюп, айласын алты кетирүүдө” дешет ошол жердегилер. Муну көргөн айрым ишкерлер “Бишкек” СЭЗден тезирээк кетпесек, биз да бир күнү мындай көз боёмочулуктун курмандыгы болуп калабыз го” деп коркуп жатышыптыр. ОсОО «Ветоторес» ишканасын СЭЗден шаарга чыгарып кетсе, ал эми түрк бизнесмени Жейхан ишканасын сатып, Түркияга кетип калыптыр.

Президент СЭЗдеги кадр маселесинен жаңылдыбы?

Чет элдик ишкерлер аз келгенсип, эми алсыз катмарга кирген аял ишкерлерге Тайчабаровдун үстөмдүгү күчөптүр. Алар СЭЗ жетекчилигинин иш аракети мыйзамсыз жол менен бараткандыгын айтышса, Тайчабаров элдин көзүнчө “керек болсо УКМКга, керек болсо президентке чейин баргыла” деп айтканын уккандар бар. “Бул карапайым катардагы журналист бала бир жыл ичинде казы байлап, көзүн май басып, дардайып көөп калган экен” дешип баштарын чайкашууда. Дагы бир СЭЗдин жөнөкөй кызматкеринин айтымында, иши токтогон компаниялардын 40 контейнери учурда дирекциянын аймагынан мыйзамсыз чыгарылып, 6000-8000 доллардан сатылып кеткендиги айтылууда.

Бишкек” СЭЗге эмнеге инвесторлор келбей жатат? 

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлөргө чыккан сайын алардын ишкерлери менен жолугуп, инвесторлорду чакырып, мамлекет үчүн жанын сабап жүрөт. Бирок, “Бишкек” СЭЗдин жетекчилиги мамлекет башчынын саясатын саботаж кылып, дирекцияда башаламандыкка жол берүүдө. Мындай көрүнүштөрдү байкаган инвесторлор келүүдөн карманып, келбей жатышыптыр. Салыгы да кымбат дешет. Аны түшүрүү, инвесторлорду чакыруу, ишкерлерге шарт түзүп берүү боюнча буларда кызыкчылык барбы? Суроо ачык бойдон. Анан дагы бажы кызматы менен ишкерлер соттошуп, бул жагы бир балээ болду. Муну уккан инвестор Кыргызстанга келеби, катыгүн?! Эмне себептен СЭЗге, Кыргызстанга инвестор келбей жатат дейсиздер? Мына себептери. Президентибиз ушул окуяларды укса, булар бирди көрөт окшойт. Ансыз да саботаж кылып, казы байлашып, шиштери толуп калыптыр.

Манас айылы “Бишкек” СЭЗ үчүн өгөй болуп калганбы? 

Билишибизче, Бишкектеги Манас айылы “Бишкек” СЭЗге карачу. Азыр гүлдөп турган Манас айылы талкаланып, жылкы оттоочу жайга айланган. Тайчабаров жаңы кызматка келгенде бул жайды гүлдөтүү боюнча пландары менен бөлүшкөн жайы бар. Кана, ким тоскоолдук болуп жатат? Өз ишин тарта албай кыйналып жатса, жакшы билген журналисттик эле ишине кайра кайтканы оң. Болбосо СЭЗ ыдырап кетет го…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg