Коомдук ишмер Кайып Шер: Бакиев күнөөсүз соттолгон. Сот иштерине шарт түзүп бериңиз,урматтуу президент

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Плазма» мейманканасында атайын форум өтүп, андан соң “Курманбек Бакиевди актоо, колдоо” комитети түзүлдү.Бул туурасында коомдук ишмер Кайып Шер маалымат булактарына биринде айтты.

«Өткөн жылы сиздерге маек берип, “Курманбек Бакиевди актоо, колдоо комитетин түзөбүз” деген пикирибизди бөлүштүк эле. Арадан 5-6 айдай убакыт өтүп кетти. Анткени биз комитет түзөлү деп белсенип калган учурда мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров Дубайда экс-президенттердин жыйынын өткөрүп калды. Ал жыйын Алмазбек Атамбаевдин абактан чыккандыгы үчүн уюшулгандай түшүнүктү жаратып койгонсуду. Ошондон улам “Курманбек Бакиевди актоо жана колдоо” боюнча комитетти түздүк. Биз бийликтен, өкмөттөн көп нерсе суранбайбыз, “актап бер” деп талап кылбайбыз. Курманбек Салиевичти акыйкат сот гана актай алат. “Сот иштерине шарт түзүп бериңиз, урматтуу президент!” деп кайрылуу максатында түзүп отурабыз. Анткени Курманбек Бакиевди ошол учурда күнөөсүз соттошкон. Бирөөнү соттош үчүн адегенде күнөө тагыш керек. Биринчиден, күнөө такпай, экинчиден, адвокатын сот иштерине катыштырбай, үчүнчүдөн, экс-президенттиктен албай туруп эле үстүртөн соттоп коюшкан.

Биз мамлекетбиз, элбиз, баары мыйзам жүзүндө болгону дурус. Биз “баарын акыйкат карап бериңиздер” деген гана талапты коёбуз. Мына, Алмазбек Атамбаевди түрмөдөн чыгарып, ишин кайра кароого жөнөтүштү. Ошондуктан ак канжыгалуу бүгүнкүдөй иштерди баштадык, эми аягына чыгуубуз зарыл. Баарын калыс карап, Атамбаевдин иши сыяктуу Бакиевдин ишин да кайра карап чыгууну талап кылабыз»-деген коомдук ишмер.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg