“KFC” кандайча пайда болгон?

«KFC» – тез тамактар даярдалган белгилүү кафелер системасы.

Бүгүнкү күндө адамдар фаст-фуд тамактары менен көп тамактанып жатканын жакшы билебиз. Дүйнөдө фаст-фуд тамактарын даярдаган бренддердин да бир нечеси бар. Тактап айтканда алар «McDonalds», «Subway», «Burger King», «KFC», «Wendy’s», «Hardee’s», «Taco bell» жана башка. Алардын бир тобу биздин өлкөдө да ачылып ишмердигин жүргүзүп келет.

«KFC»ни жеген адам аны экинчи жолу да жегени барат. Кээ бирөөлөрдүн дайым жеген сүйүктүү тамагына да айланды. Ошону менен «KFC» кандай пайда болгон?анын сыртындагы «сакалы бар киши» ким?

«KFC» – АКШда эң алгач пайда болгон кафе тармактарынын бири десек болот. Өзүнүн куурулган тоок эттери аркылуу дүйнөгө атагы чыгып отурат. Тез, даамдуу, көтөрүңкү маанай… Ушул үч талапка жооп берген тамакты досторуңуз менен, кесиптештериңиз менен, үй-бүлөңүз менен жесеңиз да керек. Бир кызыктуу жери – «KFC» компаниясы анын даярдалуу убактысын сыр бойдон сактап келет. Бул тамакты эң алгач ойлоп тапкн адам – Гарлан Сандерс.

«KFC» компаниясынын негиздеген Гарлан Сандерс 1890-жылы 9-сентябрда дүйнөгө келген. Балалык чагы кыйынчылык менен коштолгон. Ал жашоо шарты начар үй-бүлөнүн жалгыз уулу эле, атасы фермерлердин тапшырмасын аткаруу менен тыйын тапса, энеси жумушта иштебеген. Гарлан 6-классты бүтүргөндө атасы кайтыш болот. Ал үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн мектепти таштаган, болгону 6 жыл билим алган. Апасы жумушка кеткенде эң алгачкы жолу тамак жасаганды үйрөнө баштайт. Туугандары анын тамагын ар дайым мактап жешкен экен.

15 жаштан баштап автобус кондуктору болуп иштеп, бир жылдан кийин АКШда аскерге аттанган. Аны Кубага жиберет. Ал бир жылдан кийин темир жолго от жагып иштеп калат. Ушул кезде Клавдия кызга үйлөнүп, өмүрүнүн аягына чейин бир үйбүлө болуп тутүн булатышкан.

Гарлан өзүнө жаккан кесип таба алган эмес, ХХ кылымдын ортосуна чейин кесибин алмаштырып отурган. Ар кайсы кесипти аркалап жүрүп авто унаа оңдогон чеберкана ачат. Андан соң анын алдына алты адамга арналган (кезек күтүүчүлөр үчүн) чакан ашкана ачып коёт. Ал жерде өз колу менен тамак жасап баштайт. Анын унаа оңдочу жайы тамактарынын аркасында белгилүү болот. Керек болсо өз колунан чыккан курулган тоок эти аңызга айланат. Адамдар тамакка Гарлан Сандерстин «Кентуккиялык куурулган балапаны” деген ат коюшат. Тактап айтканда, «KFC» сөзүнүн толук мааниси – “Kentucky Fried Chicken”. Ашпоз ылдам кайнатуучу идишти колдонуу аркылуу 15 мүнөттүн ичинде тамакты даярдаган экен.

Гарлан Сандерс көбүнчө классикалык кийим кийген: ак костюм менен кара бабочканы таштаган эмес. Ал «KFC» компаниясынын логотибинде да ушул бойдон тартылып калган. Гарлан өмүрүнүн акыркы жылдары компаниясын жеке инвесторлорго 2 миллион долларга сатып жиберет. Ал эми азыр анын ээси – “Yum! Brands” компаниясы. Мында 24 миң кызметкер бар. «KFC» жайлары дүйнөнүн 50 өлкөсүндө иштеп келүүдө.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу