Келиним менен баламды ажыраштырып, эртең өкүнүп калбаймынбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жашым элүүдөн өтүп калды. Көп жылдан бери банкта иштейм. Жалгыз балам бар. Жолдошум отуз жыл мурда каза болуп калган. Кийин турмушка чыккан жокмун. Баламды үйлөнтүп, өзүнчө бөлүп койгом. Азыр келин экөө үч баланын ата-энеси болушту. Неберелүү болгон сайын кафелерге той берип, тапканымды неберелеримдин келечегине жумшап келем. Убагында кыйналып калбасын деп бала багуучу жалдап берип жүрдүм. Алар да келиндин мүнөзүнө чыдабай качып кетишет. Келиниме бир жолу жаман сөз айткан эмесмин. Бул милдет кылуу эмес, бирок келинимди ашыкча эле көкөлөтүп алдымбы деп ойлоп калдым.
Ар бир эне баласын мактайт дээрсиздер, бирок чынында балам й-бүлөсүнө абдан карамдуу, иштеген иши бар. Бишкектин чок ортосунда үч бөлмөлүү батирде турушат.
Уулумдун жумушу Казакстанда, 15 күн иштеп, 15 күн эс алат. Кезегин тапшырып келерде чек ара жабылып, ошол жакта калып калды. Үч-төрт айдан бери келе албай жатат. Анын үстүнө 15 күн сайын кезекке чыгуусу керек. Алыста сак-саламат жүрсө экен деп ага санааркап жатсам, келиним өнөрүн көрсөтүп чыкты.
«Үч-төрт айдан бери балдар менен жалгызмын. Кыйналып кеттим, ажырашам», — деп чыгыптыр. Энеси менен үйгө келип чыр салып, батирди мага каттаткыла деп айламды кетирди. Балама чалып аны менен да урушуптур. Экөөбүздүн бир таянар тообуз алыста жүргөндө колдоп койгондун ордуна кайра кууратты. Өзүм да ооруп, эми жакшы болдум. Ойлонуп-ойлонбой жаман сөздөрдү көп айтты. Чынын айтсам, жаман көрүп калдым.
Балам үй-бүлөсүнө ай сайын айлыгын салып турат. Акча жагынан көйгөй жок. Үч бөлмөлүү батирде бардык шарты менен жашайт. Алдында машина турат. Неберелерим деле кичүүсү беш, ортончусу алты, улуусу тогуз жашка чыгып, чоңоюп калган. Болгону күйөөсү жанында бала карашпаганына чуу чыгарып жатат.
Балам деле жини келип «кете бер» деп салыптыр. Менин да абдан ачуума тийди. Ушунча жыл иштеп элден укпаган сөздү ушу келинден уктум. Колтугуңдан жылан чыккан жаман экен. Ажыраштыргым эле келип жатат. Бирок сабыр кылайын деп өзүмдү алаксытып, неберелеримдин көзүн кыя албайм.

Аргумент.kg