Келээрки жылы Россиянын экономикасын эмне тагдыр күтөт?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Россия менен Украинанын аскердик кагылышуусунан улам, Батыш менен Россиянын экономикалык карама-каршылыгы күчөп кеткен. Батыш Россияга санкция жарыялап, экономикасын таптакыр талкалап салбаса да, алсыратууну көздөдү, бирок ал ою ишке ашпай калды. Батыш Россиянын өнөр жайына керектүү технологияны жана товарларды берүүнү токтотуп салды. Ал эми Россия болсо ал маселелерди өз мүмкүнчүлүгү менен чечүүгө өттү. Экономикасы кыйраган жок. Экономикалык эксперттердин изилдөөсүнө караганда, Россиянын экономикасы кирип келген 2023-жыл, өсүүнүн жылы болот. Батыш Россиянын нефти жана газынан баш тартуу саясатын ишке ашыра баштады. Ага жооп иретинде Россия бул товарын Кытайга жана Индияга сатууну көбөйтүп жатат. Рубль келээрки жылдын ичинде күчүн анча жоготпойт деген прогноз бар. Мындай маселе Кыргызстанга оң таасирин тийгизиши мүмкүн.  Анткени РФда миллионго жакын кыргыз эмгек мигранты болуп жүрөт. Алар тапкан ташыган акчаларын КРга жөнөтөт. Рублдун күчтүү болушу мигрант тапкан акчага оң таасирин тийгизет. Ушул фактрлар Россияда кыргыз эмгек мигранттардын саны азайбайт дегенге аргумент болуп саналат.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg