КАНАТ ИСАЕВ ДАГЫ БИР АЙГА КАМАКТА КАЛТЫРЫЛДЫ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Канат Исаевди  сот дагы бир айга камакта калтырды. Тиешелүү чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алганын массалык маалымат каражаттарына  анын  жактоочусу билдирди.
Эске салсак, Башкы прокуратура “Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган” деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.
Андан соң депутат 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген шек менен 30-сентябрда кармалган. УКМК аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган.
Ага карата “кылмышка даярдануу”, “массалык баш аламандык” жана “бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Булак:Каганат.

Аргумент.kg