КАМПАДА САКТАЛГАН ДАРЫЛАР БОЮНЧА БАБАНОВ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 
Бишкекте өтө муктаж болуп жаткан дары дармектер жашыруун сакталып турган склад Өмүрбек Бабановго таандык деп «Кыргыз саясаты» деген фейсбуктагы баракча жазып чыккан, аны айрым маалымат сайттар жарыялашкан болчу.
Эч кандай расмий булак көрсөтүлбөй жарыяланган бул маалымат жалган экени тез эле билинди.
Бабановдун ал дары катылган кампага тиешеси жок экенин өзү да билдирди.
Элибиз кыйналып турган учурда кара пиар менен алектенүү кимге пайдалуу? Пандемия башталган учурдан тартып элине жардам берип жаткан Өмүрбек Бабановду каралоо менен ким кандай пайда табат? Андан көрө Бабанов сыяктуу элибизге жардам берсек пайда көп болот элего.
Чын эле дары катылган капма Бабановго тиешелүү болгондо УКМК менен Финполиция жөн олтурмак эмес. Андыктан өлкөдө абал курч болуп турган учурда элибизге жардам колун сунган адамдарга кара пиар кылган туура эмес. Тескерисинче бири-бирибизди колдоп кыйын мезгилден биримдикте чыкканыбыз оң.

Аргумент.kg