Кайненем мени жамандай берет. Эмне кылсам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы кенеш сурайын дегем. Күйөөгө чыкканыма 7 ай болду 5 ай жашап күйөөм Москвага иштегени кетткен. 1 айдан соң чакырам деген. Боюмда бар болчу. Токсикоз болуп кыйналып күйөөмдөн сурансам жөнөтпөй койду. Кайненем болсо мага характеринди көргөзүп атасың калп эле боюнда барды оору кылып алдын деп. Аллахым көрүп турат аны ооруган адам гана түшүнөт экен. Кеткин келсе кет баламды үйлөнтүп койом деди. Кыйналганымдан айла жок келгем төркүнүмө. Күйөөмө мени кайың сиңдим экөө жаман дап ал мурунку жигитине тийет экен, жолугуп атат экен дептир. Күйөөм да мамасын сөзүнө кирип мага жазыптыр бала да мен ден эмес туурбайбы деп. Кандай адамдар бар Аллахтан коркбогон мен жазгам Аллахым коруп турат деп. Ошенттип баласынан да кечти такыр сүйлөшпөй калды. Эмне кылсам ыйлайм күндө ойлоном.Аман эсен төрөп алсам экен дейм. Мага бир кенеш бериниздерчи биз кайра жарашабызбы же ушул боюнча бүтөбү? Өзүмдүн жашагым келет баламды атасыз өстүргүм келбейт айткан. Сөздөрүн эстеп жиним келет неге кайра 

Аргумент.kg