ЭМНЕГЕ “БИРИМДИКТЕН” ЖАНАЛГЫЧ ЧЫККАНДАЙ ЭЛЕ КАЧА БАШТАШТЫ?

ЭМНЕГЕ “БИРИМДИКТЕН” ЖАНАЛГЫЧ ЧЫККАНДАЙ ЭЛЕ КАЧА БАШТАШТЫ?

09-бирдин айы, 2020-ж // //

Парламенттик шайлоо жакындаганы түрдүү саясый топтор “ойгонот” эмеспи. Алардын арасында “Биримдик” партиясы да баш көтөрүп, бирок бул уюктагыларга ар кимди чаптап атышканы түшүнүксүз туюлду. “Туулбай жатып туна чөктү” дегендей, али кызыктар алдыда окшойт.
“Биримдиктин” лидерлери Марат Аманкулов менен Айнуру Алтыбаева экени жар салынган. Элибиз мындайларды жерип, салкын кабыл алды. Себеби, экөөнүн тең лидерлик сапаттары начар, абройлору анча эмес. Дагы көптөгөн КСДПчылар бул жакка ооп кеткени айтылууда. Алар да бир балээден корккондой болушуп, үндөбөй турушат. Жакында РАЖдан депутат Курманкул Зулушев “Биримдикке” мени да кошуп айтып атышканын массалык маалымат каражаттарынан уктум” деп аза-боюн ала качты. Айтор, жаналгыч чыккандай эле жаа бою кача башташты. Же бийлик билермандары атайын гана “Биримдикте” баланчалар бар экен” дешип, ишенген төбөлдөрүн сынап көрүп атышабы? “Аттанганда эле ээрге кыйшык минишип”, бул саясый топко айланбай калышты го?..
Булак: Aryba.kg