Эмилбек Каптагаев “Оштук” деген сөздү колдонбоону сунуштады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Америкада НЕГР деген сөздү колдонууга мыйзам чегинде тыюу салынган, анткени бул сөз өздөрүн “афро-американец” деп атап алгандардын ар-намысына тиет миш…

 

Ал сымал бизде деле “аймак аралык кастыкты козутуучу” сөздөрдү аныктап, атайын мыйзам менен аларды колдонууга тыюу салуу жагына карай баратабызбы дейм… Мисалы “Оштук” деген сөз… Таластыктарга ашыра мактанып баратса “Таластык адатыңды койчу…”- десең таарынбайт, арданбайт… күлөт, ал эми кай бир себеп менен “Оштук адатыңды койчу…” – десең такыр башкача кабыл алынат… УКМКнын көзкарашына ылайык “аймак аралык кастык” козутууга жатып калышы да мүмкүн… Дагы кайсы сөз бар, ушу сымал? Менимче көп эле “гениялдуу” нерселерге баштары жеткен депутаттардын негедир ушуга башы жете элек…

Аргумент.kg