Эл аралык коомчулукка кепке кемтик кылып, кемпирибиз Мажитова уяткарды

Эл аралык коомчулукка кепке кемтик кылып, кемпирибиз Мажитова уяткарды

13-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Жетимиш жашка чукулдап калган Шарапаткан Мажитова картайганда күлкүгө калып, Жогорку Кеңештин аброюн кетире баштады. Өткөн аптада кыргыз аскерлерине кошуп, 5-6 депутатты Казакстанга жиберүүнү парламенттен сунуштады. Айнып калгандан сообу? Ушунчалык төмөн деңгээлин билип туруп, көнгөн эле коммерциясын жүргүзүп, жаштарга орун бошотпойт беле? “Сөзгө сөлтүк, кемке кемтик” дейт мындайды. Парламентти көпчүлүк астында, өзгөчө эл аралык коомчулук алкагында уяткарып, шылдың кылды. Шарапаткан Мажитова кемпирибиз кадыр-баркы менен картайбай, сыйы кетип, элден кагуу жеп дагы канча отурат болду экен?

«Азия Ньюс» гезити