Экономика министрлиги: Кыргызстанда баалар туруктуу турат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандын Экономика министрлиги өлкөдө баалар туруктуу деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңеште сомдун куну кетип жатканына байланыштуу экономикалык абал боюнча маалымат берип жатып экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди:

“Үч жумадан бери баалар туруктуу турат. Карап көрсөңөр, динамика 5 пайыздын ичинде гана. Доллар кымбаттаганы менен ички баалар туруктуу турат. Баалар туруктуу турганы, бардык милдеттенмелерибиз өз убагында төлөнүп берилип жатканы – өкмөттүн туруктуу иштегени”.

Ошол эле маалда Амангелдиев негизги азыктар кымбаттап жатканы боюнча нааразылыктарга макул болбой коюу мүмкүн эмес экенин айтып, “Элдин нааразычылыгы бар, сиздер айткандай. Баалар көтөрүлүп жатат күндөн күнгө. Бирок коңшу Казакстандагы, Өзбекстандагы, Тажикстандагы негизги азыктардын баасын салыштырсак, биздин өкмөт кантип иштеп жатканы билинет” деп кошумчалады.

Министр азыркы кезде башкы максат бааларды турукташтыруу эмес, базарда негизги азыктардын болушун камсыз кылуу экенин белгилеп, “майдын базар баасы 150 сом болсо аны 100 сомдон саткыла деп эч кимге айта албайбыз” деди.

Кыргызстанда баа саясаты доллардын курсуна байланган. Эки апта мурда 85 сомдун тегерегинде сатылып жаткан доллар акча алмаштыруучу жайларда 10-мартка карата 106 сомго жетти.

Аргумент.kg