Инстаграммдан эми аудио жана видео байланышка чыгууга болот

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Социалдык тармактагы актуалдуу тиркемелердин бири Инстаграм фотосервисинде аудио жана видеобайланыш мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Алардын маалыматында «Эми чалуу белгилери жалпыга жеткиликтүү файлдарда орун алат. Жаңы функциялардын пайда болгону тууралуу компания жакында жарыя кылат», — деп жазылган.

Буга чейин бир нече колдонуучулар Инстаграм тиркемесинин Android үчүн жаңыланган акыркы версиясында үн жана видео чалуу файлдары бар экенин байкашкан. Баракчадан башка колдонуучуларга чалып байланышуу болот деген кептер январь айында тараган. Ал эми компания: «Бул боюнча азырынча эч кандай комментарий бере албайбыз», — деп түшүндүрмө берүүдөн баш тартышкан.

Аргумент.kg