“Instagram” эми интернетсиз да иштей берет

«“Instagram” дүйнөлүк желеси “Android” операциялык системасы бир нече кызматты интернетсиз жеткире турган болду»,- деп кабарлайт “TechCrunch”.

“F8” конференциясында “Instagram” компаниясынын өкүлдөрү алдынкы убакытта колдонучуларына интернетке кошулбай эле пикир жазып, лайк басып, сүрөт сактоого мүмкүн болоорун маалымдашты. Бул функциялардын баардыгы кошумча сакталып, пайдалануучу интернетке кошулган кезде ишке ашырууга мүмкүн болот.

Аталган функция азырынча жалаң гана “Android” колдонуучуларына гана кол жетимдүү болууда, жакынкы аралыкта “iOS” колдонуучулары үчүн да мүмкүн болоору айтылууда.

Белгилей кетсек, азыркы маалда дүйнөдө 600 миллонго жакын адам “Instagram”дын колдонуучулары болуп келишет.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу