ИИМ, УКМКга кулак кагыш. Ниязалиева добуш сатып ала баштадыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан добуш сатып алуу башталганы, укук коргоо органдары тыкыр иштебей, көңүл коштукка ыктаганын талапкер Таалайкул Айдаралиева айтып чыкты. Анын билдирүүсүнө тийешелүү органдар баа беришип, текшерүү жүргүзүшү керек. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Анын сыңарындай, Дамира Ниязалиевага көпчүлүк талапкерлер нааразы болуп жатышканы, натыйжада, мыйзамсыз жүрүштөр башталганы ырасталабы? Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңешке шайлоону таза өткөрүү боюнча талабын эске салалы. Жерде калбайбы? Мындай жагдайда Дамира Ниязалиева президенттик администрацияга таянып, Курултайдын төрагасына орун басар экенин бетке кармап, Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевден колдоо тапканын, айтор, баш айлантууга өткөнүн кантебиз? ИИМ, УКМК шайлоого тыкыр көз салып, мыйзам бузууларды коомчулукка алып чыгышы керек. Эл карап турат. Качанкыга чейин Ниязалиева акчасына таянуу менен билгенин кыла берет?.. «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg