Генералдыкты алышкан ИИМдин үч орун басары коомчулукту кыжырдантты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өткөн жумада ИИМдин үч орун басары генерал-майор жылдыздарын тагынышты. Бул боюнча коомчулукта, өздүк курам ичинде да нааразычылыктар айтылды. Өзгөчө соцтармакта буларга карата жылуу пикир деле жазылган жок. Дээрлик баарысы “туздашты”. Эмесе, биз да ар бирине учкай токтололу.

Адылбек Бийбосунов ИИМдин 1-орун басары. Адашкан кадрбы? Бул эргул ИИМдин академиясында иштеп жүрүп, ал жактан коррупциялык кыңыр ишине кабылганбы? Дал ушул таризинде чуулган чыгып барып, убагында басылып калганы ыраспы? Албетте, суроолор улана берет. Негизи Бийбосунов милицияга тер төгүп кызмат кылбаганы, тек гана “кирди-чыкты” сыяктуу илээшип жүргөнүн айтышууда. Бандитти, ОПГ мүчөсүн жанынан эмес, алыстан да көрбөптүр. Бул боюнча милиция ичинде ачык эле айтылып, талкууга алынууда.

Эркебек Аширходжаев болсо тергөөчүлүктөн бүгүнкүдөй мартабалуу даражага жетип отурат. Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда Азиз Батукаевдин ишин жандандыруу, Алмазбек Атамбаевге куугунтук жасоо таризинде “абройго” жетип, мамлекеттик сыйлык да алганы сын-пикир жараткан. Кашкар Жунушалиевдин жакын адамы эле. Тергөөнү тескеп, көп булганычтардан пайда тапканбы? Убагы келгенде көп суроолорго жооп берери болжонуп келет.

Сүйүнбек Ниязбековдун кесиби врач. ИИМдин ички иликтөө коопсуздугунда иштеп, милиция кызматкерлеринин баскан-турганын аңдып, “чукугуч” милдетти терең өздөштүргөнбү? Системанын тийешелүү баскычтарын өткөн эмес. Атургай чөнтөк уурулук, эрди-катынды жараштыруу сыяктуу жөнөкөй участкалык кызматкердин милдетин да жасабаганын кабарлашты.

Кыскасы, береги үч генералдын милицияга анчейин эмгеги сиңбегени, опер, бөлүм башчы, РИИБ орун басары, начальник… кызматтык тепкичтерин ырааттуу өтпөй эле күтүүсүз секирик жасашканы таңгалдырды. “Чоң жылдыздарды” тагынуу үчүн эмгек сиңириш керек эле. Тилекке каршы, бул “баатырлар” жасалма түрдө генерал болушуп, элдин нервине ойноп жаткан чактары…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg